Жалал-Абадда да 18 жаштагы кыз ымыркайын таштандыга таштаганы айтылууда

Жалал-Абадда таштандыдан ымыркай табылган. Окуя 18-ноябрда 7:30 чамасында катталганын жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Маалыматтарга караганда, кыз ижарага алып жашаган үйүнүн душуна кирип кыз төрөгөн. Андан соң коркуп, ымыркайды баланын кийимине ороп, сыртка алып чыгып таштанды таштоочу жерге таштаган. Жерде жаткан баланы көргөн жаран милиция чакырып, биргеликте төрөт үйүнө алып барышкан.

Медиктер ымыркай үшүп калганын, оор абалдагы ымыркайдын бою 44 сантиметр, салмагы 2 300 грамм экенин айтышкан.