Жалал-Абадда дааратканага ташталган ымыркай. Окуянын чоо-жайы

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Токтогул шаарынын Сарагүл көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салгандыгы, учурда анын абалы орто экенин билдирген эле.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуянын чоо-жайын айтты.

Маалыматка караганда, 11-август күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Токтогул РИИБдин «102» кызматына Токтогул райондук ӨКМден кайрылышып, Токтогул шаарынын Сарагул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин дааратканасына наристени таштап кеткендиги боюнча билдирип, чакыруу жасашкан.

Аталган дарекке РИИБдин жетекчилиги тергөө-ыкчам тобу менен барышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, текшерүү иштери башталган. Текшерүү учурунда Сарагул көчөсү №40 үйүнүн тургуну 1962-жылы туулган А.Саткынбаев намаз окуу үчүн саат 05:00 чамаларда туруп сыртка чыккандыгы, дааратканасынан наристенин үнү угуп «112» кызматына чалып жардам сурагандыгы, ӨКМ кызматы келип наристени алып чыгышып, ымыркайга дарыгерлер тарабынан алгачкы жардам көрсөтүлгөндүгү аныкталган.

Ал эми табылган ымыркай Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жеткирилген жана анын абалы канааттандырарлык экендигин дарыгерлер билдиришкен.

Аталган факт боюнча топтолгон материал Токтогул РИИБге катталып, Жазык Кодексинин 150-беренесинин негизинде «коркунча калтыруу» болуп катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.