Жалал-Абадда дайынсыз болуп, изделип жаткан жарандын жансыз денеси адырдагы чуңкурдан табылды

иллюстрация

Жалал-Абадда дайынсыз болуп, изделип жаткан жарандын жансыз денеси адырдагы чуңкурдан табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-ноябрда саат 10:30 чамасында Кочкор-Ата шаарынын тургуну милиция бөлүмүнө чалып, шаардын түндүк-батыш тарабында кой жайып жүрүп, адырдын түбүндө чуңкурдун ичинде эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгын көргөнүн айткан. Окуя болгон жерге милиция барып, кароо жүргүзүлгөн учурда болжол менен 55-65 жаш курактагы эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы аныкталган. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жансыз дененин аты-жөнүн аныктоодо Кочкор-Ата шаарынын 1986-жылы туулган тургуну окуя болгон жерге чакыртылып, ал ушул жылдын 23-октябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткан жаран экендигин атасы тастыктады. Маркум 23-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча 26-октябрда Ноокен РИИБге катталып, издөө жүрүп жаткан.