Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм 9 күндөн бери табыла элек

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 9-апрелде издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылган.