Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери жанданды

Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагында 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери 16-май күнү кайрадан башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Дайынсыз болгон окуучунун жакындары кайрадан издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүүсүн суранып райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан. Жерине Базар-Коргон райдук ӨКБнүн 5 куткаруучусу тартылып, издөө жумуштарын алып барышууда. Аталган мектеп окуучусу 31-мартта дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен. Натыйжа болбогондуктан, туугандарынын өтүнүчү менен издөө убактылуу токтотулган.