Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы жигит. Апасы уулун «мал тейлейли» деп издеп, таппай калган

Бүгүн, 10-майда ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абаддын Жаңы-Базар айылында 18 жаштагы жигит дайынсыз болуп изделип жатканын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБге кайрылып, жигиттин эшикке чыккан бойдон кайрылып барбаганы маалым болду.

«Алгач дайынсыз болуп жаткан баланын апасы бүгүн саат 08:00 чамасында ӨКМге кайрылган. ӨКМ милицияга кабар берген, түшкөн маалымат боюнча материал «дайынсыз жоголуу» болуп катталып, ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Апасы мал-жайды жайгаштыралы деп сыртка чыгып кетип, кайра келбей калыптыр»,— дешти милициядан.