Жалал-Абадда дем алыш күндөрү мас абалында 29 айдоочу аныкталды

Жалал-Абад облусунда үч күн аралыгында 29 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында аптанын дем алыш күндөрү «Бахус» рейддик иш-чарасы өткөн. 29-октябрдан 31-октябрга чейинки үч күн аралыгында жалпы 516 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.

«Анын ичинен 29 айдоочу унааларын мас абалында, 155 айдоочу катуу ылдамдыкта, 14 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок башкарган болсо ,жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 318 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 43 автоунаа атайын айып короого коюлду», — деп айтылат маалыматта.