Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдун тогуз мүчөсү кармалды

19-июлда милицияга Сузак районунун 1965-жылы туулган С.Ю. аттуу тургуну кылмыш жоопкерчилигин билип туруп диний экстремисттик кылмышты жасоо жолуна түшкөнү маалым болгон. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (диний экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө, Сузак районунун аймагында тогуз дарекке тинтүү жүргүзүлүп, ошол эле Сузак районунун 1965-жылы туулган тургуну С.Ю. аттуу жаран “Хизбут Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү өзү жашаган үйүндө Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” агымынын мыйзамсыз диний экстремисттик сабактары окутулуп, экстремисттик агымдарга үгүттөө иштерин жүргүзүлүп, жашыруун түрдө (ячейка) түзүп жаткандыгы аныкталган.
Тинтүү жүргүзүү учурунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремистик уюмуна таандык болгон 20 китеп, 10 DVD диск, 1 планшет жана 1 флешка, 9 уюлдук кол телефон далил буюмдар алынган.

20-июль күнү Сузак районунун 1961-жылы туулган А.А., 1962-жылы туулган Ш.Д., 1965-жылы туулган С.Ю., 1967-жылы туулган Х.С., Ш.М., У.И., 1969-жылы туулган Ш.П., 1970-жылы туулган Ю.А. жана 1972-жылы туулган А.И. аттуу жарандары кылмышка шектүү катары кармалган. Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн бша корго чарасы 2 айга камакка алуу түрү тандалды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.