Жалал-Абадда айдоочу 2 бир тууганды сүзүп кетип, бири каза тапкан. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат беришип, шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалганын билдирген.
- 15-март күнү Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 21:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Азимов көчөсүндө 2020-жылы туулган кызын жана 2022-жылы туулган баласын 1999-жылы туулган балдардын апасы менен жөө адамдар өтүүчү өтмөктө бара жаткан учурда BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочусу унааны таштап качып кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Кырсыктын кесепетинен 2022-жылы туулган бала денесинен жаракат алып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган, ал эми 2020-жылы туулган кызы окуя болгон жерде каза болгон.
Шектүү катары кармалган жарандын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге тиешеси бар экенин жазып жатышкан. Мэр социалдык тармактагы баракчасында шектүү катары кармалган жаран инисинин баласы экенин айтты.
«Социалдык тармактарда байма-бай тарап, менин атыма жабылган каргашалуу унаа кырсыгы боюнча расмий жооп берүүнү чечтим. 15-март саат 21:00 чамасында Жалал-Абад шааарынын Азимов көчөсүндө жол кырсыгынан эки баланы сүзүп кетип, окуя болгон жерде бири жан берген.
BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган. Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З. болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып 15-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча атайын органдар тарабынан коомчулукка ошондо эле расмий маалымат берилген. Ошондой эле мыйзам баарыбызга бирдей жана жооп берүүгө милдеттүүбүз! Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Наристенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Ата-энесине жана жакындарына сабыр тилейм. Экинчиси батыраак сакайып, катарыбызга кошулсун. Жакшылыктарда көрүшөлү», — деп жазды ал.