Жалал-Абадда эки оор жүк ташуучу унаа кагышып, айдоочу реанимацияга жаткырылды (видео)

2-август күнү Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 401-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

— Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош унаа жолунда Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1993-жылы туулган Ж. у Б. Хово жүк ташуучу автоунаасы менен Ош багыты боюнча бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан Мерседес-Бенц жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшүп, жол кырсыгы катталган.

Натыйжада, Мерседес-Бенц унаанын айдоочусу Р. уулу М. Каракөл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет:

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталарын унутпашыбыз керек.