Жалал-Абадда эркек кишинин жансыз денеси бети-башы жарылган абалда табылган. Шектүү кармалды

Майлуу-Суу милициясы өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

29-майга караган түнү Майлуу-Суу шаарында 55 жаштагы жарандын бети-башы жарылган абалда, киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча топтолгон материал Майлуу-Суу ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза Кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында, ошондой эле “Издөө” аталышындагы атайын иш-чарасынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган жаран кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучу менен спирт ичимдигин ичип отуруп, мушташып кетип башына таш менен уруп жиберип, анын кесепетинен улам жаран каза болуп калгандыгы аныкталган.

Майлуу-Суу шаарынын тергөө судьясы тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Учурда бул ишти соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.