Жалал-Абадда фейк аккаунтка жамынып, экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды

Жалал-Абад милициясы фейк аккаунт менен диний экстремисттик материалдарды таратып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери социалдык тармакта диний экстремисттик материалдарды сактап, таратып жаткан фейк аккаунтту аныкташкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Фейк аккаунт аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип, Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган тургуну кармалып, тергөөгө камсыз кылынган.

Жалал-Абад шаардык сотунун далил буюмун алууга уруксат берген токтомунун негизинде шектүүнүн колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынып, фейк аккаунт анын телефонуна кошулганы аныкталды.