Жалал-Абадда газдалган суу сатуучу күркөдө баллон жарылып, 1 адам каза тапты

Бүгүн, 13-июль күнү саат 10:07де Жалал-Абад шаарындагы «Тору» соода борборунун маңдайында жайгашкан газдалган суу сатуучу күркөдөн кислороддук баллон жарылган. Натыйжада 5 адам жарат алып, 1 жаран көз жумган.

Облус аймагында Жарандык коргонуу кызматтарына «Айгай» жарыяланып ыкчам штабдык отурум өттү. Анда Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуу башчысы Тилек Текебаев жана жарандык коргонуу башчысынын орун басары полковник Абдулнасир Закиров тиешелүү тапшырмаларды койду. Ага ылайык облустун аймагындагы тез тамактануучу жайлар жана кислороддук жана газ баллон колдонулган жайлар көзөмөлгө алынып, адистер тарабынан талапка жооп бербеген жайларды жабуу зарылдыгы белгиленди.