Аталган адамдар мурда Жалал-Абад шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерге барууга тоскоолдук кылышкан. УКМКнын тергөө абагында экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча кармалгандар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өздөрүнүн ишинин туура эместигин түшүнүшүп, экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Кийинчерээк УКМКнын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жашы жете элек балдар поликлиникага каттоого алынып, балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер алынды.
Жалал-Абадда “йакын-инкарчылар” балдарына ооруканага, мектепке барууга макулдук беришти
26-майда өлкөдө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү: 1977-жылы туулган А.Т.М., 1987-жылы туулган Ж.К.Т. жана 1993-жылы туулган И.М.К. кармалган. Бул тууралуу УКМКдан маалымат беришти.
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:30 21.04.2026
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
12:42 18.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:24 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:46 17.04.2026