Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 3 кыз аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМК кызматкерлери тарабынан 27-декабрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде социалдык тармактар аркылуу интимдик кызмат көрсөтөбүз деп жарнама кылып, сойкулук менен алектенип жаткан кыздар тууралуу маалымат алынган.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 3 тургуну Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенип жүргөндүгү такталган. Алар 1982, 1990, 1998-жылы туулган кыздар.