Жалал-Абадда интернетте экстремисттик көз карашты жайылтууга шектелген жаран кармалды

Экстремисттик көз карашты жайылткан Жалал-Абад шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал социалдык тиркемесин колдонуу менен Жалал-Абад шаарынын аймагында Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын биринин материалдарын ачык түрдө сактап, социалдык баракчалары аркылуу чакырыктарды жасап, бөлүшүп турган. Бул факты боюнча чогулган материал Жалал-Абад ШИИБге катталып, 332-берененин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө диний-лингвистикалык жана техникалык экспертизалар дайындалып, натыйжада “Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик “Өзбекстан Ислам Кыймылы” уюмуна тиешелүү материалдарын бөлүшүп жүргөн” деген корутунду чыгарылган. Аталган кылмыш ишинин алкагында 1992-жылы туулган жаран аныкталып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.