Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк жарандар кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында интимдик кызмат көрөтүп иштеп жүргөн чет өлкөлүк кыздар мыйзамсыз чек араны кесип өткөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.
Аталган факты 12-январь күнү Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү ресстрине Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында чет өлкөлүк 32 жаштагы К.З. жана 25 жаштагы И.Ш. Жалал-Абад шаарындагы сауналардын биринде сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызмат көрсөтүп иштеп жаткандыгы аныкталган. Алар 2023-жылдын август жана октябрь айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өткөндүгү такталган. Ошондой эле И.Ш. коӊшу өлкөнүн мыйзамсыз чек араны кесип өтүү беренеси менен издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон. Кармалган чет өлкөлүк кыздар Жазаларды аткаруу кызматынын №53 мекемесине киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.