Жалал-Абадда ишкерди талаага алып барып, акча талап кылган шектүүлөр кармалды (видео)

Жалал-Абадда адам уурдоого тиешеси бар эки жаран кармалды. Буд тууралуу ИИМден билдиришти.

Май айында ички иштер органдарына криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ушул жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адамдар жергиликтүү тургунга күч колдонушуп, анын Лексус үлгүсүндөгү унаасына салып, ээн жерге алып кетишкен. Шектүүлөр жайытта жабырлануучуну коркутуп, андан акча талап кыла башташкан. Алгач алар 12 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан. Кийинчерээк жабырлануучуну алар өздөрүнүн эсептерине 630 миң рублдан ашык суммадагы каражатты которууга аргасыз кылышкан. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү “адам уурдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жарандар кармалган. Кармалгандардын бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1986-жылы туулган Э.М. (аты-жөнүн өзгөрткөн К.М.) мурда Орусияда тоноо жана опузалап талап кылуу фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Кармалган экинчи жаран Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1995-жылы туулган жаран мурда бир нече жолу соттолгон, Кыргызстанда жана Орустяда мал уурулук, каракчылык, опузалап талап кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен аталган жарандарга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.