Жалал-Абадда ишкерлерден акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Жалал-Абад шаарында жеке ишкерден опузалап акча талап кылган УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу учурунда Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси кармалды. Аталган жаран УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке ишкерге кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруу жайында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн системалуу түрдө опузалап акча талап кылган. Аталган факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.