Жалал-Абадда изделип жаткан жарандын жансыз денеси кездемеге оролуп, өрттөлгөн абалда табылды

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелген 18 жана 20 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

9-декабрь күнү Жалал-Абад ОИИБге Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1992-жылы туулган жолдошу 21-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери башталган. Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде 13-декабрь күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылынын таштанды таштаган жардын ичинен белгисиз жарандын жансыз денесин кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган.

14-декабрь күнү жансыз дене таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, келин жолдошу экенин кийип жүргөн кийимдеринен тааныган. Ал эми кароо учурунда жансыз дененин 60 жеринде учтуу нерсе менен сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган. Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

14-декабрь күнү кылмышка шектүү катарында Жалал-Абад шаарынын 2006 жана 2004-жылы туулган тургундары кармалып, камакка алынды. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөр менен каза болгон жарандын ортосунда акча тууралуу пикир келишпестиктер пайда болгондугу жана дагы бир жарандын окуяга катыштыгы бар экендиги маалым болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.