Жалал-Абадда жаңы төрөлгөн ымыркайды дааратканага таштап салышкан. Учурда абалы орто (сүрөт)

Жалал-Абадда дааратканага таштап салышкан ымыркай куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Токтогул шаарынын Сарагүл көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салгандыгы туралуу маалымат түшкөн.

Жерине №97 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышып, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда ымыркайдын абалы орто.