Жалал-Абадда жарандын бетине уксус чачып, 2 миллион сомдук зергер буюмдарын уурдап кеткен

Жалал-Абаддагы күрөөканада жарандын бетине уксус чачып, алтындарды карактап кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

10-декабрь күнү саат 23:10 чамасында Ноокен районун Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнөн Ноокен РИИБге маалымат түшкөн. Анда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын 1971-жылы туулган тургунунун көзүнө белгисиз жаран уксус чачып жибергени айтылган. Бул факты 10-декабрда Ноокен РИИБге катталып тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Текшерүү учурунда, 10-декабрь күнү саат 16:30 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын борбордук баазарында жайгашкан күрөөканасына жашы 30-35 жаштагы бетинде медициналык бет кап кийген аял киши кирип, жабырлануучунун бетине уксус кислотасын чачып, жанында турган кызыл боз түстөгү сумкасын анын ичинде жалпы базар баасы 2 миллион сомдук алтын сөйкө, чынжырча, шакек, браслеттерин алып чыгып, изин жашырып кеткендиги аныкталган жана бул окуя боюнча жабырлануучу мыйзам чегинде чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган.

Кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 20 жаштагы тургуну аныкталып, ал тергөө кызматына камсыз кылынган. Ошондой эле ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ал боз түстөгү сумкасын анын ичиндеги далил буюмдарды үйүнөн алып чыгып өзүнүн ыктыяры менен тапшырып берген. Шектүүнүн колунда наристеси бар экендиги эске алынып, үй камагында калтыруу боюнча чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.