Жалал-Абадда жарандын үйүндөгү лабораториядан 35 килограммдан ашуун “марихуана” табылды

Жалал-Абад облустук милициясы 35 килограммдан ашуун “марихуана” баңгизатын аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

13-ноябрь күнү милиция кызматкерлери Сузак районунун аймагында жаран баңгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, үйүндө сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1958-жылы туулган жаран экендиги аныкталып, анын жашаган дарегине кызматтык ит менен тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда үйүн лаборатория сыяктуу кылып алгандыгы белгилүү болгон. Үйүнүн бөлмөсүнөн 17 коробкага салынган жашыл күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат, 8 банканын ичине салынган жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат, 2 пакеттин ичине салынган тамекиге оролгон зат, үйүнүн короосундагы сарайынын ичинен 10 коробкага салынган жашыл күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат табылып алынган. Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, тинтүү учурунда алынган баӊгизатты 35 килограмм 581 грамм салмактагы “марихуана” баӊгизаты экендиги аныкталган.

Анын буга чейин бир нече жолу соттолгондугу,  2018-жылдан бери “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү катарында каттоодо тураары белгилүү болгон.