Жалал-Абадда жасалма буйруктардын негизинде жер тилкелерин берген «Кадастрдын» башчысы кармалды

«Кадастр»  мамлекеттик ишканасынын Сузактагы филиалынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

26-апрелде УКМК тарабынан жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жетекчилиги тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысыны аныкталып ага бөгөт коюлган. Маалыматка караганда, 2019-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарына жасалма буйруктардын негизинде турак-жай куруу үчүн жер тилкелери трансформациясыз берилген. Буга карабастан «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында, жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен. Материалдар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын башчысы Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.