Жалал-Абадда жасалма АКШ долларлары аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
5-март күнү милицияга Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда Акрам аттуу таанышына 8700 АКШ доллар карызын алып барып накталай санап берген учурда, ошол эле акчаны Акрам Илхомбек деген таанышыма карыз элем, берип койчу деп, жасалма 8700 АКШ доллар акчаны бергендигин билдирген. Натыйжада Р. уулу И. 760 миң 728 сом материалдык зыян тарткан. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 233-берене (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, жанынан 87 даана жасалма АКШ 100 доллары алынып, соттук-техникалык экспертиза дайындалган.