Жалал-Абадда жатаканада өрт чыкты (сүрөт)

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө жатаканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 19:26да Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 19:34тө Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 19:44тө кошумча Сузак райондук №65 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 20:05те чектөөгө алынып, саат 20:39да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар катталган эмес.