Жалал-Абадда «Женго» каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунда Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

10-февралда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун аймагынан криминалдык чөйрөдө «Женго» деген кайманаты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды.

Кармалган 1986-жылы туулган жаран Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Тергөө иштери жүрүп жатат.