Унаанын тамтыгы чыгып калган. Жалал-Абаддагы жол кырсыкта 6 адам көз жумду (сүрөт)

Жалал-Абаддагы жол кырсыктан 6 адам көз жумуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында катталган. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Хонда-Одиссей унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, каза болгон адамдарды ИИМдин кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.