Кечээ, 12-августа Чаткал районундагы Кызыл-Алма тилкесинде Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 8-9 чакырымында Volkswagen-Golf-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен бир жүргүнчү — 1976-жылы туулган эркек киши, ошол жерде каза болгон. Айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып Чаткал райондук ооруканасына жеткирилген. Кырсык болгон жерге Чаткал райондук ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.