Жалал-Абадда жер алып берем деп, 1,5 миллион сом алган шектүү аял кармалды

Базар-Коргон милициясы 1,5 миллион сомдон ашуун акчаны алдап кеткен аялды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга 3 жаран арыз менен кайрылган. Алар 2021-жылдын октябрь айынан бери Базар-Коргон районунун тургуну 54 жаштагы аял Базар-Коргон районунун борбордук базарынан жана башка аймактарынан жер алып берем деп акча алып, бирок азыркы күнгө чейин жер алып бербей же акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 1 553 000 сом материалдык зыян тартышкан. Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 1969-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.