Жалал-Абадда жер көчкү түшүп, жол каттамы жабылды

Кечээ, 10-май күнү саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган.
Учурда жол каттамы жабык. Тазалоо иштери 11-май күнү «Чайна-Роуд» ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.
Жеринде ИИМдин ЖКККББ тарабынан пост уюштурулду. Аталган аймакта 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган.