Бүгүн Жалал-Абад облусунда жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
24-июнда түнкү саат 2:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон районунун Арсланбап, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 балл, Гүмкана, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.