Жалал-Абадда жер тилкелер мыйзамсыз берилип, мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Жер Кодексинин талаптарын бузуу менен мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы тарабынан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуртпастан туруп, жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине 168,5 гектар жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилгендиктен, мамлекетке 5 миллион 156 миң 477 сомдук зыян келтирилгендиги такталды. Мындан тышкары, Аксы районуна караштуу Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылы убактылуу пайдалануу үчүн жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине 20,81 гектар жер тилкеси берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 2 миллион 404 миң 429 сомдук айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын орду толтурулган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга прокурордук акт келтирилип, анын негизинде 7 миллион 560 миң 906 сом акча каражаты мамлекеттин пайдасына толугу менен өндүрүлдү.