Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, 30-сентябрда саат 15:25те Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга (Жетиген айылынан 8 чакырым түштүктө, Чалдыбар айылынан 9 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.