Бүгүн, 26-ноябрда саат 01:40та Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Токтогул районуна караштуу Жетиген, Чалдыбар, Өзгөрүш айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.