Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам көз жумду (сүрөт)

Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында Audi-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен.  Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1985-жылы туулган эркек киши каза болгон. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.