Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир киши каза болду

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 384-чакырымында ВАЗ Жигули автоунаасы менен Мерседес-Бенц Спринтер жүргүнчү ташыган автоунаасы кагылышты. Кырсыктын кесепетинен Жигули автоунаасынын айдоочусу, 1985-жылы туулган Токтогул районунун тургуну каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Мерседес-Бенц Спринтер автоунаасында айдоочусу жана 9 жүргүнчү болгон. 4 жүргүнчү жеңил жана орто жаракат алып, Тез жардам кызматы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилип, абалдары канааттандырарлык экени аныкталган. Аталган жайга 4 куткаруучу саат 22:39да тартылып, кырсыктын кесепетинен унаада калган жүргүнчүлөрдү чыгарышкан.