Жалал-Абадда жолдо курулуп жаткан көпүрөнүн темирлери уурдалды

“China road” жол куруу ишканасы куруп жаткан көпүрөнүн темирлеринин уурдалышы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга жол куруу ишканасынын ишенимдүү өкүлү кайрылып, бул ишкана 2021-жылдын 10-12-ноябрь күндөрдүн аралыгында “Жалал-Абад — Балыкчы” жолун куруп жаткан учурда Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынан өткөн жолдо курулган көпүрөнүн темирлерин белгисиз адамдар тарабынан уурдап кеткендигин билдирген. Жол куруу ишканасы 200 миң сом зыян тарткан. Аталган факты 18-январь күнү Сузак РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Кылмыш ишинин бетин ачуу максатында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.