Жалал-Абадда «жөргөмүш адам» үчүн айдоочу айыпка жыгылды

«Жөргөмүш адам» тасмасындагыдай беткап кийип, белине чейин унаадан чыгып алган жүргүнчү үчүн айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык жол тескөөчүлөрү тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, айдоочусу табылып, авто ээнбаштык жасагандыгы үчүн Укук бузуу кодексинин 182-беренесинин жана 189-беренесинин негизинде тийиштүү протоколдор толтурулуп, 16 миң сом айып салынган. Ал эми унаасы айып короого киргизилди.