Жалал-Абадда жыл башынан бери 513 жол кырсыгы катталып, 128 адам көз жумду

2021-жылдын он ай аралыгында облус аймагында жалпы 513 жол кырсыгы катталган болсо, анын кесепетинен 128 жаран каза таап, 874 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-ноябрда Ноокен жана Токтогул райондорунда жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Авто окуу жайлардын мугалимдери, Жол кыймылынын жаш инспектолору катышкан эскерүү маршы болуп, жол кырсыктардан каза болгон маркумдардын жакындарынын катышуусунда аларга карата багышталып курандар окутулду.