Жалал-Абадда жылан уусунун ири партиясын сатууга аракет кылышты (видео)

Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталган материалдардын алкагында, күчтүү уулуу зат “Gurza – vipera Leberetna turaniga” ири партиясын сатуу аракети токтотулду. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 грамм) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргыз жараны кармалды.

Жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларга чейин бааланат. Тергөө иштери жүрүп жатат.