Жалал-Абадда калың жааган кардан өтө албай калгандар куткарылды

Кечээ, 22-октябрда Сузак районунда Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 87-91-чакырым аралыктарында (Сары-Кыр ашуусу, Шаркыратма тилкеси) аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу мал-жандыктары менен 2 КамАЗ унаасы жана 1 жеңил унаа өтө албай калган. Анда жалпы 9 адам, 7 эркек, 1 аял, 1 бала болгон. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Ал жерге куткаруучулар, техника тартылды. 23-октябрга караган түнү саат 02:58де 200 метр аралык калганда жүктөгүчтүн күчү жетпей, куткаруучулар жарандарга жөө жүрүп жетишип, баардыгы унаалар менен Жалал-Абад шаарына көздөй алып келинди. Абалдары жакшы.