Жалал-Абадда каналга чөгүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси көпүрөнүн астынан табылды

8-август күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналына өспүрүм чөгүп кеткен. ӨКМ тарабынан жансыз дене изделе баштаган.

ӨКМдин берген маалыматына караганда, чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси көпүрөнүн астынан табылган. Издөө иштерине ӨКМнен жалпы 32 куткаруучу тартылып, өспүрүмдүн денеси туугандарына өткөрүп берилген.