Жалал-Абадда кар көчкүнүн алдында калган 4 адам 4 күндөн бери табыла элек

Жалал-Абадда кар көчкүнүн алдында калган 4 адам 4 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Түндүк-түштүк (Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден (8 чоң, 17 кичи) кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин жана 5 бирдик атайын техникасын, 1 даана мобилдик үйдү кар көчкү басып калган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына IV даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Такталган маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам (1998-жылы, 1978-жылы, 1979-жылы жана 1987-жылы туулган) дайынсыз болууда. Алардын ичинен үчөөсү Кытай жараны. Издөө иштерин  ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана Гидрометеорология агенттигинин 4 кызматкери, ошондой эле дайынсыз болгон бир жарандын 30 тууганы, 8 милиция кызматкери, “Чайна Роуд” ишканасынан 20 кызматкер жүргүзүүдө.