Жалал-Абадда кармоо учурунда атасына болушкан бала. Жетекчилик кызматтан алынды

27-мартта социалдык тармактарда Жалал-Абадда кармоо болгону жазылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришкен.

«4-март күнү Кочкор-Ата шаарында менчик күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кыш, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгү, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган арыз түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы туулган Ноокен районунун тургуну бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок ал келбей жүргөн. 27-март күнү Кочкор-Ата шаарында кылмыш ишине шектелген жарандардын бири милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен кара күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген»,- дешкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атасына жардам берүүгө аракет кылган баланын ооруканада экени маалым болгон.

Кечээ, 1-апрелде ИИМ маалымат таратып, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы жана орун басары кызматтан алынганын билдиришти.

«ИИМде өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен министрликтин буйругу чыкты. Ал буйрукта укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузгандыктары, кол алдындагы кызматкерлердин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөгөндүктөрү, шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды кармоодо милиция кызматкерлери коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп Жалал- Абад облусунун жашоочусун кармап жаткан факты боюнча видеотасмалар интернетте тарап, коомчулук тарабынан талкууга алынып, милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргендиктери үчүн Жалал Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Абитов жана анын орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле ушул буйрук менен Жалал-ОИИБдин 13 жетекчи кызматкерине тартип жазалар берилди», — дешти.