Жалал-Абадда кармоо учурунда атасына болушкан баланын видеосу тараган. Дагы бир видео жарыяланды

Кечээ, 27-мартта социалдык тармактарда Жалал-Абадда кармоо болгонун жазып, видео менен бөлүшүштү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришкен.

«Ноокен РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 4-март күнү саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында менчик күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кыш, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгүн, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы туулган Ноокен районунун тургуну бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок ал келбей жүргөн. 27-март күнү саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарында кылмыш ишине шектелген жарандардын бири милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен кара күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген. Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Кылмыш ишине шектүү катары кармалган жаран камакка алынды»,- дешкен.

Ал арада Жалал-Абад милициясы көчөдө кармалган жаран катышкан видео менен бөлүштү. Видео 4-мартта тартылган жана шектүү катары кармалган жаран кароолчуларга кол көтөргөн. «Кочкор-Атадагы базарды 2 бир тууган талашып жатышкан. Бирөөсү жеке күзөтчүлөр менен келишим түзөт. Алар кайтарып, базар ээси баргыча ачтырбай турушу керек болгон. Ээси баргыча контейнер ээлери күзөтчүлөргө кол көтөрүшкөн», — дешти милициядан.