Жалал-Абадда каттоосу жок 60 мечит аныкталды

УКМК тарабынан имамдары жергиликтүү тургундар тарабынан өзүм билемдик менен дайындалып, ошол эле учурда тиешелүү теологиялык билими жок, өз ишмердүүлүгүн КМДБнын макулдугусуз жүргүзгөн мыйзамсыз мечиттерде экстремисттик идеологияны пропагандалоону аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Мечиттердин курулушун координациялоонун жана аларды каттоонун бирдиктүү эрежелерин текшерүү максатында, Жалал-Абад облусунун аймагындагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, “Кадастр” ММ, ӨКМ, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ДИМК жана КМДБнын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүү демилгеленген. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө КМДБнын жана ДИМКнын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча: Сузак — 33, Базар-Коргон — 2, Ноокен — 5, Аксы — 3, Чаткал — 5, Токтогул — 1, Тогуз-Торо — 7, Жалал-Абад — 3, Майлуу-Суу — 1.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит КМДБдан жана ДИМКдан каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди. Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, КМДБнын жана ДИМКнын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат.