Жалал-Абадда катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти

Кечээ, 19-июнда саат 21:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда секундуна 14-19 метрге жеткен катуу шамал катталып, Кербен шаарынан Курулуш айылында 1 турак үйдүн чатырын жана Коргон айылында 1 сарайдын чатырын учурган. Бүгүн жерине Жарандык коргонну комиссиясы жана Аксы райондук №70 ӨКБдан 4 куткаруучу жеринде иш алып барууда.
Мындан сырткары Сузак районунун Ынтымак айылында жайгашкан Улуттук спорт борбору дирекциясынын Тел-Тору ат майданынын элдер отуруучу чатырчасын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган майданда Жарандык коргоону комиссиясы тартылып иштеп жатышат.
Ошондой эле Кара-Көл шаарынын аймагында саат 02:30 чамасында шамалдын кесепетинен Кыргыз телеком ишканасынын, №1 орто мектебинин спорт сарайынын чатырын, №89 Кесиптик лицейдин чатырын, РЭТтин гаражынын чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.