Жалал-Абадда катуу шамал турак-жайлардын чатырын учурду

Алдын ала маалымат боюнча, Аксы районунун Кербен шаарында жана Кош-Дөбө, Кара-Камыш айыл өкмөттөрүндө катуу шамал турак жайлардын чатырын учургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери тактоо жумуштарын алып барууда. Жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында 17 турак жайдын чатырын шамал учургандыгы аныкталган. Катуу шамалдан жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келген эмес.