Жалал-Абадда кичи автобустар сүзүшкөн. 9 адам ооруканага жеткирилди (видео)

Бүгүн, 6-июлда социалдык тармактарга Жалал-Абадда жол кырсыгы катталганын жазылып, видео тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсык бүгүн, 6-июлда саат 07:40 чамасында катталганын, анда маршруттук каттамдагы кичи автобус менен дагы бир кичи автобус менен сүзүшкөнүн билдиришти.

«Кырсык Жалал-Абад шаарында катталган. Анда 1992-жылы туулган жаран №324 каттамдагы кичи автобусу менен 1990-жылы туулган жарандын кичи автобусу сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1990-жылы туулган аял киши оң тизесиндеги сынык менен ооруканага жаткырылды. Ал эми 1976-жылы туулган аял башындагы жаракаты менен ооруканага жеткирилди. 1989-жылы туулган аял киши ооруканага жеткирилген. 1955-жылы туулган жаран денесинен жаракат алган. Ал да ооруканага жеткирилди. 1973-жылы туулган жаран ички органдары үзүлгөн деген шек менен хирургияга жеткирилген. 1969-жылы туулган аял киши сол желкеси сынып, ооруканага жеткирилди. Ал эми дагы бир аял реанимацияга түштү. Ошондой эле 1969-жылы туулган жаран да жандандыруу бөлүмгө жаткырылды. 1992-жылы туулган аял нейрохирургия бөлүмгө жеткирлген», — дешти милициядан.